Жаңылыктар
Өкмөт технополис түзүүнү колдойт
Экономика
Өкмөт технополис түзүүнү колдойт

Кыргыз өкмөтү «Текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилгени колдойт. Бул туурасында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Экономика тармагында текстиль жана жеңил өнөр жайдын абалы",- деп аталган кеңешменин жүрүшүндө билдирди. 

 Тигүү жана текстиль тармагынын абалы тууралуу айткан «Легпром» Ассоциациясынын Президенти Сапарбек Асанов бир катар көйгөйлөргө токтолду. Айтымында Электр энергияга чектөө, тажрыйбалуу кадрлардын жетишсиздиги, айландырууга каражаттын тартыштыгы, тигүү бизнеси үчүн эркин өндүрүш имаратынын жоктугу жана атамекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын түз алып чыкканга атайын жайдын жоктугу негизги маселелерден. Электр энергиясына чектөө киргизүү фактылары боюнча Премьер-министр өнөр жай ишканаларына максималдуу шарттар түзүлөт, бул боюнча эч кандай көйгөй болбошу керек дейт. Мындан тышкары тигүү тармагындагы өндүрүүчүлөргө Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу төмөнкү пайыз менен насыя берүү жагын карап чыгаарын убада кылды.