Жаңылыктар
Түркиянын Хатай аймагында кайрадан жер силкинди
Кырсык
Түркиянын Хатай аймагында кайрадан жер силкинди

Түркиянын Хатай провинциясында жер кайрадан эки ирет силкинип, үйлөр урап, 300 адам жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага таянып билдирди.

AFAD да кечээ эки ирет жер титиреп, биринчисинин магнитудасы 6,4, экинчисиники 5,8 болгонун маалымдады.

Бул ирет жарадар болгондордун ичинен 18 адамдын абалы оор экени, үч адамдын көз жумганы айтылды.

Агенттик жер силкингенде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кахраманмараш провинциясында жүргөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,7, тогуз сааттан кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган. Турак жайсыз калгандар баш калкалап турушу үчүн 120дан ашуун боз үй да жөнөтүлгөн.

Соңку маалыматтар боюнча, набыт болгондордун саны Түркияда 41 миңден, Сирияда 5 миңден ашкан.