Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 16 кызматкери төмөнкү темалар боюнча окуудан өтүштү.
«Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун импорттоо/экспорттоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар»;
«Жаңы психотроптук заттардын жана амфетамин тибиндеги симуляторлорунун жайылышына каршы аракеттенүү»;
«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легалдаштырууну аныктоо»;
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жардамы менен Адистештирилген окутуу бажысы тарабынан өткөрүлдү. Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизатка каршы күрөшүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча 2022-2026-жылдарга иш- чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында өткөрүлдү.