Жаңылыктар
Тармактык комитет референдумду 11-декабрда өткөрүү демилгесин колдоду
Саясат
Тармактык комитет референдумду 11-декабрда өткөрүү демилгесин колдоду

Тармактык комитет Баш  мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү демилгесин колдоду.  Тармактык комитетте өткөн талкууда  депутаттар ортосунда  мыйзам жана мыйзам долбоорунун тегерегинде  талаш жаралып, мыйзам долбоорун күндүн  экинчи жарымында да талкуулоого өтүштү. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү экинчи окууда жактырды. Эми аталган мыйзам долбоору Палатада экинчи окууда каралат.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети "Баш мыйзамга өзгөртүулөрду киргизүү  боюнча референдумду  дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Белгилүу болгондой тармактык комитет  бул маселени экинчи окууда карады.  

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 4-декабрына белгилөө сунушталган. Бул жолу депутат Иса Өмүркулов бүткүл элдик добуш берүүнү 11-декабрда жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүү сунушун берди.

Ал арада  Бир болчулар,  референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш бергендиктерин айтып, мыйзам жана мыйзам  долбоорунун тегерегиндеги талаш-тартыш   жаралды.  “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев, Баш мыйзамга өзгөртүулөрду киргизүу боюнча мыйзам бүткүл  элдик добуш берүүгө чыгарылышы керектигине токтолду. 

Ал эми “Республика Ата Журт” фракциясынын лидери Өмурбек Бабанов  талаша  турган маселе жок экендигин айтып анын мыйзамдуу  жагын  эл өкулдөрүнүн алдында дагы бир ирет тушундүруп берди.

Айрым депутаттардын ортосунда бул маселе  боюнча  дагы деле түшүнбөстүктөр  орун алды.  Жыйынтыгында депутаттар  мыйзам долбоорун  күндүн экинчи жарымында талкуулоо сунушун  берип, демилгечилердин айтымында, 2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы чыныгы парламентаризмге жол ачты жана бийлик менен элдин ажырымын кыйла жойду. Ошол эле учурда, анын айрым жоболору коомдо талаш туудурууда. Аны Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз жөнгө салуу мүмкүн эмес.

Мындай көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда кыйла тоскоолдук жаратууда. Акыркы алты жылда дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун, мындай жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө конституциялык мыйзамдар талаш-тартыштарды жаратты.

Ошондон улам, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди жоюу, парламенттик демократия шартында жаңы чакырыктар менен коркунучтарга карата тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы жаралды.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө багытталган:

- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана эгемендигин чыңдоого;

- парламентаризмди чыңдоого, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптерин тактоого;

- сот реформасы жана укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүүгө.

Демилгечи депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Сунуш комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Эске салсак, 2016-жылдын 11-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы мыйзам долбоору боюнча оӊ корутунду чыгарган. Корутундуга ылайык, мыйзам долбоору демократиялуу укуктук мамлекеттин ынанымдарына каршы келбейт.