Жаңылыктар
Түркия: жер титирөөдө каза болгондордун саны 42 миңден ашты
Кырсык
Түркия: жер титирөөдө каза болгондордун саны 42 миңден ашты

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 562ге жетти. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.

Кайталанган табият кырсыганан алты адам каза болду. Жабыркагандардын 18инин абалы өтө оор деп бааланууда. 

Эскерте кетсек, 20-февралда Хатай провинциясында жер силкинүү болгон. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. 

Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди. Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 42 миң 310 адам көз жумуп, 110 миң киши жабыркады.