Жаңылыктар
Өрттөн улам 87 жаштагы аял киши каза болду
Кырсык
Өрттөн улам 87 жаштагы аял киши каза болду

Бишкектин 8-кичирайонундагы №20 үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, батирдин ичинде кийимдер, телевизор жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 87 жаштагы кары аял киши каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда. 

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө төрт бөлүм тартылган.