Жаңылыктар
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты мартта башталат
Спорт
Кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионаты мартта башталат

2023-жылы өтүүчү Азия чемпионатынын финалдык этабында пляждык футбол боюнча Кыргызстан курамасынын беттештеринин графиги белгилүү болду.

Турнир 16-мартта Таиландда башталат.

Кыргызстандын курама командасы D тайпасында Оман, Палестина жана Кувейт курамалары менен ойнойт.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен тайпада 1-2-орундарды ээлеген командалар чейрек финалга чыгышат.