Жаңылыктар
Токтогулда жана Балыкчыда катуу шамал катталды
Өзгөчө кырдаал
Токтогулда жана Балыкчыда катуу шамал катталды

18-октябрда  Токтогул районунда катруу шамал катталды.   Токтогул метеостанциясындагы билдирүүсү боюнча,   18-октябрь  күнү   саат 21:50дөн 22:15 ке чейин   аталган   райондо  шамалдын  ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп секундасына 28 метрге чейин жеткен.  Мына  ушундай  эле   катуу шамал   түндө  Ысык-Көл облусунун  аймагында  дагы  болуп өттү.  Балыкчы   метеостанциясынын  билдирүүсүндө  18-октябрь күнү кечки саат 19:40дан 19-октябрь   саат 06:15 ге чейин катуу   шамал  жүрдү.  Шамалдын ылдамдыгы түндүк-батыштан согуп секундасына 28 метрге чейин жеткен. Учурда тактоо жана иликтөө иштерине Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.