Жаңылыктар
Түркияга жардам: атайын эсепке которулган каражат 61 млн сомдон ашты
Кырсык
Түркияга жардам: атайын эсепке которулган каражат 61 млн сомдон ашты

Бүгүн, 22-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 61 млн 50 миң 775 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. 

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.