Жаңылыктар
Кыргызстандык каратисттер 11 медалга ээ болушту
Спорт
Кыргызстандык каратисттер 11 медалга ээ болушту

 Казахстанда кыргызстандык каратисттер 11 медалга ээ болушту. Алмата шаарында жалпы эки турнир өткөн, анын бири Алмата биринчилиги, бул мелдеш Азия чемпионатына жолдомо берет. Бул турнирде мекендешибиз Артем Носарев коңшу өлкөлөрдөн келген каршылаштарынын жеңип  алтын медал менен кошо жолдомо алды. Андан сырткары спортчулар эки коло  дагы багындырды.

Ал эми Казахстандын борборунун 1000-жылдыгына арналган экинчи турнирде болсо  эки алтын жана алты күмүш тагынышты. Беттеште өзүнүн спорттук чеберчилиги менен Илья Сычев, Рамазан Каниметов менен Диана Алисултановалар өзгөчөлөнө алышкан.   Мелдешке Орусия, Монголия, Тажикстан, Кыргызстан жана Казахстан каратистери катышкан.