Жаңылыктар
Акжол Махмудовдун агасы Сыймык эл аралык мелдеште коло медаль утту
Спорт
Акжол Махмудовдун агасы Сыймык эл аралык мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандык эки балбан Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло байгеге татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 63 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта казакстандык Мадияр Мальтекбаевди 9:0 эсебинде утуп алды. Ал эми 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев индиялык Ашу аттуу балбанды 8:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль тагынды.

Аталган турнирге Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер курамасы дагы катышууда.

Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун агасы.