Жаңылыктар
Унаа салыгын төлөбөгөндөргө айып
Экономика
Унаа салыгын төлөбөгөндөргө айып

 Унаа салыгын төлөбөгөндөргө салынган айыптан төрт айда бюджетке бир жарым миллион сом түштү. 

Салык кызматынын маалыматы боюнча, 1 миң 92 айдоочуга айып салынган. Алардан бюджетке 3 миллион 800 миң түшүш керек болчу. Бирок айыпты унаа ээлеринин жарымы гана төлөдү. 

Буга чейин салык кызматы патрулдук милиция менен рейдке чыгып, унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныкташкан. Салык кызматынан билдиргендей унаанын салыгын убагында төкпөгөндөргө ар бир күнгө туум кошулат.