Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова чейрек финалга жолдомо алды
Спорт
Мээрим Жуманазарова чейрек финалга жолдомо алды

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады.

Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова өз жолун 68 чен бирликте 1/8 финалынан баштады. Спортчу айым болгариялык Юлиана Яневаны жеңип, чейрек финалга чыкты.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы да аталган мелдешти жеңиш менен баштаганы белгилүү болгон.

Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми 25-февраль күнү жыйынтыкталат.