Кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев Египетте өткөн грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирде коло медаль тагынды.
Ibrahim Moustafa мелдеши 23-февралда Египеттин Александрия шаарында старт алган.
Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 4 беттеш өткөрүп, коло медаль тагынды.
Ошондой эле, Акжол Махмудовдун улуу агасы Сыймык Махмудов 63 кг салмак категориясында 3-орунду ээледи.
67 кг
1/8 финал
Раззак Бейшекеев - Ishak Ghaiou (Алжир) - 8:0
1/4 финал
Джони Хецуриани (Грузия) - Раззак Бейшекеев - 10:3
Көңүл жубатуучу беттеш
1-раунд
Раззак Бейшекеев - Абдельрахман Ахмед Али Мохамед Омар (Египет) - 6:3
Коло байге үчүн күрөш
Раззак Бейшекеев - Ашу (Индия) - 8:0