Жаңылыктар
Сыймык Махмудов рейтингдик мелдеште 3-орунду ээледи
Спорт
Сыймык Махмудов рейтингдик мелдеште 3-орунду ээледи

Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирдин коло байгесине ээ болду.

Ibrahim Moustafa мелдеши 23-февралда Египеттин Александрия шаарында старт алган.

Сыймык Махмудов өз жолун 63 кг салмак категориясында 1/8 финалдык баскычтан баштап, ирандык балбанга жеңилип калган.

Ирандык балбан финалга чыгып, Махмудов 3-орун үчүн жубатуучу турнирде беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алгачкы “жубатарлык” беттеште Сыймык Махмудов дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чобануну жеңсе, коло үчүн беттеште казакстандык спортчуну утуп алды.

Бул медаль Сыймык Махмудов үчүн Кыргызстандын курама командасындагы биринчи медаль болду.

Ошондой эле, 67 кг салмак категориясында Раззак Бейшекеев 3-орунду ээледи. Ийгилик багынткан спортчулар 46 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

63 кг

1/8 финал

Мейсам Дальхани (Иран) - Сыймык Махмудов - 7:0

Жубатуучу турнир

1-раунд

Сыймык Махмудов - Виктор Чобану (Молдова) - 11:4

Коло байге үчүн күрөш

Сыймык Махмудов - Мадияр Малтекбаев (Казахстан) - 9:0