Жаңылыктар
Баткенде 332 турак жай пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 332 турак жай пайдаланууга берилди

Өткөн жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен облусундагы талкаланган үйлөрдүн курулушу мартта толугу менен аяктайт. Бүгүн, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышып, жергиликтүү тургундардын чек ара, жазгы талаа иштери жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.