Жаңылыктар
Мас абалында кармалган айдоочулар айдоочулук укуктан ажыратылат
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалында кармалган айдоочулар айдоочулук укуктан ажыратылат

Мас абалында кармалган айдоочулар бир жылдан 3 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат. Мындай эреже 8-марттан тартып иштей баштайт. Буга чейин мас абалында унаа башкаргандарга 17500 сом айып салынып келген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга карата каралган жаңы чаралар тууралуу маалымат таратууда. Ага ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочуларга байланыштуу жаза өзгөртүлдү.

Мас айдоочуларга көрүлгөн чаранын катаалдаштырылып жатканы бекеринен эмес. Себеби 17500 сом айып пул абалды өзгөрткөн жок. Айдоочулардын унааны мас абалында айдаган учурлары 2021-жылы 12106, 2022-жылы 13734 ирет катталган.
Мындай чаралар 8-марттан баштап иштей баштайт.
Айдоочу мас абалында унаа башкарып жүрүп кырсыкка кабылып, материалдык чыгым алып келсе, бирок анын аракетинде кылмыштын курамы жок болсо 20 миң сом айып пул салынчу. Эми бул үчүн да бир жылга айдоочулук укуктан ажыратуу каралды.