Бишкектин бардык райондоруна адамдын жүзүн таануучу камералар орнотулууда. Сыноо иретинде калк жыш жайгашкан Биринчи май району тандалып алынган. Учурда бул жакка жыйырмага жакын камера коюлду. Алардын жардамы менен коомдук коопсуздукту камсыздоого мүмкүнчүлүк болот.
Соңку эл каттоонун жыйынтыгы менен шаардын Биринчи май районунда 250 миңге жакын калк жашайт. Мында мектеп, бала бакча, стратегиялык жана мамлекеттик мекемелер, ишканалар, коомдук жайлар, базар, сейил бактар жана башка мекемелер бар. Азырынча эл көп чогулган жайларга адамдын жүзүн тааный турган жыйырмага жакын видео байкоо камералары орнотулду. Үч айдын ичинде алар Ички иштер министрлигинин бирдиктүү борборлоштурулган системасына кошулат.
Республикада 2 миң 177 видеокамералар иштеп жатат. Аларөлкө боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү, дайынсыз жоголгондорду, уурдалган унааларды табуу, издөөдөгү жарандарды аныктоодо, алтургай, өзүн жаман сезип жаткан жарандарга ыкчам жардам берүүдө жардамы чоң. Камералар 360 градуска айлануу, 500 чарчы метрге чейин жакындатуу функциясы менен жабдылган. Мындан улам камералар сүрөттөгү жана видеодогу адамдын жүзүн даана аныктайт.
Беш жүздөй камерага түшкөн маалыматтар Ички иштер министрлигинин Ыкчам башкаруу борборундагы мониторлордон онлайн көрүнүп турат. Андан жыйырма төрт саат бою облус, райондордогу анын ичинде Бишкектин коомдук жайларындагы абалга байкоо салынат. Эгер, шектенүү болсо видеокамераны чоңойтуп адамдын жүзүн тааныса болот. Же болбосо камерага издөөдөдөгү жаран же унаа жана дайынсыз жоголгон адам түшсө дароо белги берет. Камералардын жардамы менен былтыр кыска мөөнөттө 4347 кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр изин суутпай кармалган.

Бул багыттагы иштерди өркүндөтүү максатында Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдын жүзүн даана тааный турган камералар орнотулат.