Жаңылыктар
Бишкекте кургак учукка каршы оорукана ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кургак учукка каршы оорукана ачылды

Ордо калаада 128 орунга ылайыкталган кургак учукка каршы оорукана ачылды. Имарат эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына жооп берет. Кирип-чыгуучу абаны тазалаган атайын чыпкалар орнотулган. Саркынды суу тутуму зыянсыздандырылат.

Кургак учуктун бардык формасы менен жабыркаган бейтаптар эми Бишкектеги эл аралык инфекциялык талаптарга жооп берген, заманбап ооруканада дарыланат. 128 орундун 48и дарттын туруктуу, 48и сезимтал формасынын жугуштуу түрүнө, ал эми дагы 28 керебет жугушсуз түрүнө ылайыкталган. Мындан тышкары, 4 кишилик интенсивдүү терапия палатасы бар.
Керебеттер көп функциялуу. Ошондой эле, “гусаг” же кыймылсыз абалдагы бейтапты көтөрүү үчүн атайын жабдуу бар.

УЗИ, ЭКГ, рентген сыяктуу керектүү жабдуулардын баары заманбап. Ар бир палатага өзүнчө санитардык түйүндөр орнотулган. Мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптарга өзүнчө палаталар бар.

Ар бир бөлүмгө “чиптер” коюлган. Желдетүү системасы дарыгерлердин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздайт. Кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн чыпка орнотулган. Саркынды суу тутуму жергиликтүү септик аркылуу зыянсыздандырылат.

Мындай оорукана өлкө боюнча бирөө гана. Германия Өнүктүрүү Банкынын «Кургак учук V» программасынын алкагында каржыланган.

Германия менен саламаттык сактоо жаатында мындан ары да жемиштүү кызматташуу уланат. Калктын саламаттыгын сактоого багытталган дагы бир катар долбоорлор ишке ашуу үстүндө.

2022-жылга карата Улуттук фтизиатрия борборунун берген маалыматы боюнча кургак учук менен ооругандардын деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу жогорулаган. Былтыр аталан дартка чалдыккан дээрлик 4 миң учур аныкталган. Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда. Ысык-Көлдө илдетке чалдыккандар аз.