Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова рейтингдик турнирде чемпион болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова рейтингдик турнирде чемпион болду

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.

Ал өз жолун 62 кг салмак категориясында 1/8 финалдан баштады.

Тыныбекова Франция, АКШ жана Украинанын спортчуларын жеңип, финалга аттанган.

Чечүүчү күрөштө кыргызстандык балбандын атаандашы кытайлык Xiaojuan Luo болду.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова ушул эле спортчу менен Хорватияда өткөн рейтингдик турнирде кезигип, 1/16 финалда 4:10 эсебинде утулуп калган.

Бул кезекте Айсулуу Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, мелдештин чемпиону болду.

62 кг

1/8 финал

Амелин Дуарре (Франция) - Айсулуу Тыныбекова - 0:7

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова - Кайла Коллин Миракл (США) - 10:0

1/2 финал

Айсулуу Тыныбекова - Ирина Колядденко (Украина) - 2:0

Финал

Xiaojuan Luo (Китай) - Айсулуу Тыныбекова - 2:3