Жаңылыктар
“Ак куу көлү” балети заманбап көркөмдөлүп коюлат
Маданият
 “Ак куу көлү” балети заманбап көркөмдөлүп коюлат

Бүгүн, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында легендарлуу “Ак куу көлү” балети отчет катары коюлду. Ал эми, балет-спектаклдин алгачкы премьерасы 31-январда искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланат.

 Кыргыз тарыхында аталган балет 3-жолу редакцияланып коюлганы турат.  Театрдын көркөм жетекчиси Искендер Сартбаевдин айтуусунда, жалпы 2 миллионго жакын каражат сарпталган чыгармага 50дөн ашык артист катышып, 160тан ашык заманбап костюмдар тигилген. Мындан тышкары, ар бир акттын жасалгасы толугу менен жаңыча жасалып жана чыгармадагы буга чейин коюлбай келген барактары ачылган. 

“Ак куу көлү” балети Кыргызстанда алгач  1949-жылы коюлуп, башкы каармандардын образын Бүбүсайра Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев аткарган.  Ал эми, 2-жолку 1965- жылы коюлган.