Жаңылыктар
Эсеп Палатасы 20 жылдыгын белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Эсеп Палатасы 20 жылдыгын белгиледи

 Президент Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын 20 жылдыгы менен куттуктады. Анда мамлекет башчысы Эсептөө палатасынын түзүлүшү демократиялык өлкөнүн эң негизги принциптеринин бири болгон - бийликтин коом алдында милдеттүү отчеттуулугунун, эл менен тикелей мамиле куруунун далилдүү көрүнүшү болуп калды деп билдирген.

“20 жыл ичинде Эсептөө палатасы чакан көзөмөл-текшерүүчү түзүмдөн, демократиялык укуктук мамлекеттин эң маанилүү институтуна, көз карандысыз көзөмөлдүн күчтүү жана натыйжалуу түзүмүнө айланды. Палатанын ишинин жыйынтыгы - бул Сиздердин кесипкөй жамааттын күнүмдүк эмгегинин жемиши болуп саналат” деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Мамлекет башчысы 2015-жылда республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудитинин жыйынтыктары, «2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолдор жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча Эсептөө палатасынын корутундусун укту. Улукбек Марипов 2016-2020-жылдарга Эсеп палатасынын өнүгүшүнүн стратегиялык пландарынын аткарылышы жана мамлекеттик финансыларды башкаруудагы коррупциянын алдын-алуу чаралаы тууралуу айтты.