Жаңылыктар
ЖК: “Референдум дайындоо” долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү
Саясат
ЖК: “Референдум дайындоо” долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

 Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдум дайындоо” жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынып, эл өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча 2 сааттан ашык талкуу жүргүзүштү. Жыйында баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы депутаттар мурдагыдай эле процедуралык эрежелер бузулуп жатканын айтып, референдум өткөрүү датасын жылдыруу керектигин талап кылып чыгышты. 

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов алгачкы талкуулардан тартып, документте регламенттин бир дагы беренеси бузулбагандыгын билдирип, өзгөртүүлөрдүн максаты тууралуу дагы бир жолу түшүндүрмө берди.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн баш мыйзамдын түп нускасы тууралуу маселе көтөрүлүп, бир катар депутаттар анын кайда сакталып турганына кызыгышты. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев, архивде бул боюнча Убактылуу өкмөттүн декрети, ага тиркелген Конституциянын долбоору бар экенин бышыктады.