Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик каргашалуу окуясынан улам курман болгон ишкердин тоок фермасына барды
Аймак
Акылбек Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик каргашалуу окуясынан улам курман болгон ишкердин тоок фермасына барды

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды.

Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай Ак-Сай айылында жайгашкан. Фирмадагы чыгым ошол учурда  40 млн сом деп бааланган.

Буга чейин, Министрлер Кабинетинин чечими менен  тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми, анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга  30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Мамлекет ишкерлерге өзгөчө көңүл бураарын айткан Акылбек Жапаров, “Балам, атанын жолун улап кетүү ата үчүн чоң сыймык. Баткен жергесинде эле эмес, Кыргызстанда, ал гана эмес Борбор Азияга чыкканга жумуртканы, тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө жет. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.