Жаңылыктар
Пенсионерлердин 74 пайызы акчасын банктар аркылуу алат
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсионерлердин 74 пайызы акчасын банктар аркылуу алат

Кыргызстанда пенсионерлердин 74 пайызы акчасын коммерциялык банктар аркылуу алып калды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, учурда өлкөдөгү пенсионерлердин саны 742 миң 870ти түзөт. Анын ичинен 26 пайызы "Кыргыз почтасы" аркылуу, калган бөлүгү банктардан алары белгиленген. Узаган жылы 74 миң 580 адам пенсияга чыккан. 

Анын ичинен 60 миң 122си жаш курагы жетип жаңыдан пенсия алса, 14 миң 458ине кайра эсептөөлөрдөн улам төлөнө баштаган. 

Ошондой эле былтыр пенсия төлөөгө 58,8 миллиард сом жумшалганы белгиленди. Төлөмдөр 2021-жылга салыштырмалуу 8 миллиард сомго көбөйгөн.