Жаңылыктар
Президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында Ысык-Көлдө үчүнчү «Куттуу эл-касиеттүү Ысык-Көл» улуттук форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында Ысык-Көлдө үчүнчү «Куттуу эл-касиеттүү Ысык-Көл» улуттук форуму өттү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы облустук музыкалык-драма театрында бүгүн, 25-февралда, үчүнчү «Куттуу эл — касиеттүү Ысык-Көл» аттуу республикалык улуттук форуму өттү.Улуттук форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис  руханий мурасы — „Манас“ эпосунун үчилтигин („Манас“, „Семетей“, „Сейтек“ эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. 

Улуттук форум Ысык-Көл облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү менен таанышуу жана «Даанышмандар сүзгөн — Ак Кеме» театрлаштырылган пролог менен башталды. 

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп  Президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыктары — улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн мамлекеттик документтер болуп саналарын белгиледи. 

Мамлекеттик катчы форумдун катышуучуларына көл кылаасынан чыккан жети аке, алардын даанышмандыгы жана Ысык-Көл тууралуу уламыштарды кеңири баяндап берди. 

Ошондой эле, бир катар илимий кызматкерлердин баяндамалары угулду. 

Форум концерттик программа менен жыйынтыкталды.