Жаңылыктар
Өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулар
Кыргызстан жаңылыктары
Өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулар

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө Түркияга көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген кызматкерлери Бишкекке кайтып келишти. Президент Жапаровдун тапшырмасы боюнча ал жакка жалпысынан 182 куткаруучу, 6 дарыгер жана гуманитардык жардам жөнөтүлгөн эле. Кыргыз куткаруучулары урандылар астынан 8 кишини аман алып чыгышты. Апааттын очогу орун алган Кахраманмараш жана Хатай аймактарында Кыргызстандык куткаруучулар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күнү-түнү тыным албай иштешти.