Жаңылыктар
Орусияда кыргызстандык каза болду
Мекендештер
Орусияда кыргызстандык каза болду

9-февралда Новосибирскте газдын жарылуусунан улам жабыркаган кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой кырсыктан кыргызстандын эки жараны жабыркаган. Анын бири көмүр кычкыл газына ууланып, абалы орто оор деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кыргызстандыктын омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, операция жасалган. 

«21-февралда операция жасалган жаран реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитациялык борборуна которулган. Бирок, 24-февралда ал реабилитациялык борбордон тромбоэмболия диагнозу менен Бердск шаардык борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан каза болгон", - деп айтылат маалыматта. 

Башкы консулдук тарабынан маркумдун жубайына жана туугандарына "жүк-200дү" Кыргызстанга жөнөтүүдө ар тараптуу жана ыкчам жардамдар көрсөтүлүп, сөөк Новосибирск шаарынан Ош шаарына Сибирь авиакомпаниясынын рейси менен жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, маркумдун жубайынан чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку жөлөкпул алуу боюнча арызы кабыл алынып, каза болгон кишинин жашы жете элек эки баласына Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөр берилди.