Жаңылыктар
Эрназар Акматалиев эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи
Спорт
Эрназар Акматалиев эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Египетте эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирди жеңип алды.

Ал өз жолун 70 кг салмак категориясында 1/8 финалдан баштаган.

Акматалиев Өзбекстан жана Грузиянын өкүлүн жеңип, жарым финалда мекендеши Орозбек Токтомамбетовду утуп алды.

Финалдык күрөштө Эрназар АКШлык Лукас Дакота Читтумду мөөнөтүнөн мурда тизе бүктүрдү.

70 кг

1/8 финал

Эрназар Акматалиев - Зафарбек Отакхонов (Өзбекстан) - 7:5

1/4 финал

Эрназар Акматалиев - Гиорги Элбакидзе (Грузия) - 14:7, Акматалиев тушеге басып утуп алды

1/2 финал

Орозбек Токтомамбетов - Эрназар Акматалиев - 2:2, Акматалиев жеңди

Финал

Эрназар Акматалиев - Лукас Дакота Читтум (АКШ) - 10:0