Жаңылыктар
Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Күчү 6 баллга жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Күчү 6 баллга жетти

Таңга маал Кыргызстанда эки ирет жер титиреп, күчү алты баллга жакын болду. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Жер биринчи ирет саат 03:42де, экинчи жолу 05:58де силкинген. Анын күчү эпиборборунда 6 баллга чукулдап, очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал тоолорунда болгон. 

Бул Ысык-Көл облусундагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышты карай 50, Эчкилүү-Таштан 55, Кургак айылынан 58, Эңилчек, Кең-Суудан 60, Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 130 чакырым аралыкта экени айтылды. 

Жердин силкинүү күчү Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4, ал эми Эчкилүү-Таш, Кең-Сууда 3.5 баллга чейин сезилген.