Жаңылыктар
Египетте өткөн рейтингдик мелдеште балбандар канча киреше табышты?
Спорт
Египетте өткөн рейтингдик мелдеште балбандар канча киреше табышты?

Египетте өткөн рейтингдик турнирдин акыркы күнүндө кыргыз балбандары 300 миң сомдон ашык киреше табышты.

26-февралда эркектер арасында эркин күрөш боюнча 8 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу килемге чыгышты.

Тайырбек Жеңишбек уулу менен Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынса, Бекзат Алмаз уулу коло медалдын ээси болду.

Жалпысынан кыргызстандык жеңүүчүлөр 3500 швейцариялык франк (325 миң сом) алышат. Турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 1000 швейцариялык франк, экинчи күнү 3250 швейцариялык франк киреше көрүшкөн.

Тайырбек Женишбек уулу жана Эрназар Акматалиев — 1500 швейцариялык франктан алышты.

Бекзат Алмаз уулу — 500 швейцариялык франк алды.