2011-жылдан бери социалдык кызматкерлердин айлык акысы жогорулабай келет. Мындан улам бул системага жаш кадрларды тартуу жана аларды туруктуу кармап туруу кыйын. Аны менен социалдык колдоого муктаж жарандардын саны өсүүдө. Социалдык системадагы көйгөйлөр тууралу кийинки материалда баяндалат
Бүгүн 19-октябрь Кыргызстанда социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Социалдык кызматкерлерди куттуктоо салтанаты Улуттук филармонияда өтүп, ага өлкөнүн булуң -бурчтарынан социалдык кызматкерлер чогулушкан. Иш- чаранын жүрүшүндө куттуктоо айтылып, тармакта аткарылган иштер дагы белгиленди.
Учурда өлкө аймагында төрт жарым миңден ашуун социалдык кызматкер бар. Арзыбаган айлыкка карабай, мамлекеттин камкордугуна муктаж атуулдарга өз убагында жардам көрсөтүү милдети моюнунда. Маселен, аталган кызматта көп жылдан бери эмгектенген кызматкерлердин айлыгы 6500-8000 миң сомду түзсө, жаш кадрлардыкы болгону 4500-5000 миң сомдун тегерегинде. Мындан улам,адистерди тартуу орчундуу маселе.
Учурда социалдык өнүгүү министрлигинин карамагында 16 жатак үй бар. Анда мамлекеттин толук камсыздоосуна өткөн миңден ашуун адам жайгашкан.Мындай социалдык жатак үйлөрүнө иштин оордугуна карабай миңге жакын социалдык кызматкер эмгектенип келет.