Жаңылыктар
Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштайт

Жакында “Учкун” акционердик коому айди жана жалпы жарандык паспортторду басып чыгара баштайт. Бул максатта ишкана толугу менен модернизацияланып, заманбап жабдылды. Ошол эле учурда окуу куралдары да толугу менен мамлекеттик басмаканадан басылат. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алганда мындан ары бир дагы мамлекеттик иш кагазы жеке компаниядан чыкпай турганын белгилеп, келечекте акчаны да басып чыгарабыз - деди.