Жаңылыктар
Дүйнө чемпионатында Кыргызстан курамасы Сингапурду 14:2 эсебинде жеңди
Спорт
Дүйнө чемпионатында Кыргызстан курамасы Сингапурду 14:2 эсебинде жеңди

Хоккей боюнча Кыргызстан курамасы Сингапурду утуп алды.

Босния жана Герцеговинада бүгүн, 27-февралда хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасында дүйнө чемпионаты башталды.

Медалдар үчүн күрөштү 6 команда алып барат, алар бири-бири менен ойноп, жалпы команда 5тен оюн өткөрөт.

Кыргызстан курамасы Сингапурду 14:2 эсебинде таш талканын чыгарды.