Жаңылыктар
Дүйнө чемпионатында Кыргызстан биринчи орунда келе жатат
Спорт
Дүйнө чемпионатында Кыргызстан биринчи орунда келе жатат

 Хоккей боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын 1-турунан кийин алдыда келе жатат.

27-февралда Босния жана Герцеговинада 6 команданын катышуусунда үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир башталды.

Кыргызстандын курама командасы 1-турда Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алган. Андан тышкары Босния менен Ирандын командалары дагы жеңишке жетишти.

Кыргызстан курама командасы биринчи турдан кийин турнирдик жадыбалда алдыда келе жатат.

1-турдун жыйынтыгы, 27-февраль

Кыргызстан - Сингапур - 14:2

Малайзия - Иран - 4:14

Босния и Герцеговина - Гонконг - 6:5