Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна жаңы жетекчи – Каныбек Иманалиевди тааныштырды.
«Билим берүү системасы бала бакчадан баштап түп тамырынан бери өзгөрүүнү талап кылат. Биз министрден билим берүү системасында реформаларды жүргүзүү, билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, дүйнөлүк эмгек рыногунда билимдүү, таланттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жаш мекендештердин жаңы муунун тарбиялоо жана калыптандыруу боюнча чечкиндүү кадамдарды күтөбүз. Балдарыбыз бир нече чет тилдерди, анын ичинде программалоо тилин да билиши керек», - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, статистика боюнча республикада 7 жашка чейинки 1 млн 107 миңден ашык бала жашайт. Жалпысынан республика боюнча 1712 бала бакча бар, аларга 199 миңден ашык бала барат.
«Буга чейин 169 бала бакча менчиктештирилип, учурда алар башка максатта колдонулуп жатат. Алардын ишмердүүлүгүн талдоо зарыл. Эгерде алар 3 айдын ичинде профилин өзгөртүп, бала бакча болуп иштей баштабаса, Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна өтөт. Бала бакчалар бала бакчадай иштеши керек. Учурда мамлекеттик мекемелер ээлеп турган жайлар бала бакчалар үчүн бошотулат.
Мындан тышкары, республика боюнча 570 мектеп бар, анын ичинен биринчи нөөмөттө: Бишкекте - 81 мектеп, Ошто - 2, Жалал-Абадда - 143, Ош облусунда - 95, Баткен облусунда - 90, Чүй облусунда - 73, Ысык-Көл облусунда – 29, Нарында - 18, Таласта 6 мектеп иштейт. Бул мектептердин базасында бала бакчалар ачылышы керек”, - деди Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 58 миң 464 мектеп бүтүрүүчүсүнүн 69% гана катышканын кошумчалады. Тестирлөөгө катышкандардын ичинен 57% окуучулар 110 балл топтой алышкан эмес.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы келтирилген сандардын контекстинде мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окутуучулар курамынын потенциалын күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы техникалык адистиктеги кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал өлкөдө энергетика жана транспорт тармагында чоң долбоорлордун курулушу башталганын эскерди.
«Биз Политехникалык университеттин мурунку сыймыгын кайтарышыбыз керек. Мындан тышкары, Улуттук илимдер академиясы Билим берүү министрлиги, жогорку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте илим жана билим берүү экономикага жана элге кызмат кылуусун камсыздашы керек. Мен сизден чыныгы долбоорлорду күтөм», - деди Акылбек Жапаров.