Жаңылыктар
Кыргызстанда 2015-жылы 17 тонна 400 килограмм алтын өндүрүлгөн
Экономика
Кыргызстанда 2015-жылы  17 тонна 400 килограмм алтын өндүрүлгөн

Кыргызстанда казынага ири киреше алып келген тармактын бири өлкөнүн кен байлыгы болуп эсептелет. 2015-жылы  мамлекеттик геология агенттигинде бир топ жетишкендиктер байкалган. Бир жыл аралыгында өткөрүлгөн сынак жана аукциондордон 7 миллиард 714 миллион сом пайда түшүп, анын 85 пайызы бюджетке которулган.

Андан тышкары, жалпы 17 тонна 400 килограмм алтын өндүрүлгөн. Агенттик тарабынан чалгындоо, изилдөө, алтын жана башка кен байлыктарын иштетүүгө карата 1870 лицензия берилген. Алардын арасынан 20 га жетпеген компания өндүрүү иштерин алып барат. 2016-жылы 21 тонна 400 килограмм алтын өндүрүү пландалган.

Ошондой эле, быйыл кен чыкчу 6 жерге карата сынак өткөрүлмөкчү. Март айында  Кемин районундагы “Кутту-Сай” сейрек меттал чыгуучу кенин иштетүү үчүн сынак болот. Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине жылуулук борборун курууга инвесторлор тартылат.