Жаңылыктар
Баткенде 1.5 млн сомдон ашык контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 1.5 млн сомдон ашык контрабандалык тамекилерди  алып кирүүгө бөгөт коюлду

«Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда Баткен шаарында КР жараны «Т.Б.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 413» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Бажы текшерүүсүндө унаанын жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок 50 блоктон турган 25 куту «Esse Change» маркасындагы чыпкалуу тамекилер табылган. КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 562 500 сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.