Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев эл аралык мелдешке катышып келген боксчулар менен жолукту
Спорт
Камчыбек Ташиев эл аралык мелдешке катышып келген боксчулар менен жолукту

28-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Умбетали Кыдыралиев Bocskai lstvan Memorial аталышындагы эл аралык мелдешке катышкан спортчулар менен жолугушту.

Ташиев Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, турнир 7-12-февраль аралыгында Венгриянын Дебрецен шаарында өттү.

Мелдешке Кыргызстандан 10 мушкер катышты. Ошентип, 86 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу финалда бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медаль тагынды. 48 килограмм салмакта күч сынашкан Асылбек Аманкул уулу күмүш медаль тагынды.

Ташиев спортчуларды жеңиши менен куттуктап, машыктыруучулар Тилекмат Энкеев менен Акыйкат Абаевге эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. УКМКнын башчысы ошондой эле мамлекет спортчуларды ар тараптан колдоого даяр экенин белгилеп, аларды күчтүү жана кайраттуу болууга чакырды.

Өз кезегинде коноктор бийликке колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, чоң ийгиликтерди багынтаарын айтышты.