Жаңылыктар
Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду
Аймак
Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду

Баткенде 1,5 млн сомдук контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен шаарында Т.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 413 үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок 50 блоктон турган 25 куту Esse Change тамекилери табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 562 миң 500 сомду түзгөн.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.