Жаңылыктар
Өзбекстанда тик учак кулап, 9 адам каза болду
Дүйнө
 Өзбекстанда тик учак кулап, 9 адам каза болду

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин тик учагы кулап, 9 киши каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги мамлекеттик телеканалга таянуу менен билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, МИ-171 тик учагы 18-октябрда Фергана облусунун Кыргызстан менен чектешкен жеринде кулаган. 

Өзбекстандын Коргоо министрлиги кырсыкты “кокустан болгон кырсык” деп белгиледи. Учурда кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118