Жаңылыктар
Балыкчыда милициянын жаңы пункту ачылды
Аймак
Балыкчыда милициянын жаңы пункту ачылды

Балыкчы шаарында милициянын жаңы пункту ачылды. 

Заманбап милиция пунктунун курулушу жергиликтүү тургундардын жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын финансылык колдоосу менен ишке ашты. 

Милиция участогу шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бул шаар жарандарын жана меймандарын кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана калкка өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык жагымдуу шарттарды түзөт. 

Аталган жаңы милицияныны пункту Балыкчы шаарындагы үчүнчү пункт болуп саналат.