Жаңылыктар
Түркия: жер титирөөдө каза болгондордун саны 45 миңден ашты
Кырсык
Түркия: жер титирөөдө каза болгондордун саны 45 миңден ашты

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 89 адамга жетти. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги билдирди. 

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле жер экинчи жолу силкинип, күчү 7,6 баллга жеткен. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди. 

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган. 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында кайрадан жер титирөө болгон. 

Мындай учур Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда27-февралда дагы катталган.