Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы босниялык атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди
Спорт
Кыргызстан курамасы босниялык атаандаштарын 10:1 эсебинде жеңди

Кыргызстан курамасы дүйнө чемионатында 2-оюнду катары менен утуп алды.

Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир Босния жана Герцеговинада өтүп жатат.

2-турдун беттешинде кыргызстандыктар талаа ээлери Босния жана Герцеговина курамасы менен жолугуп, 10:1 эсебинде утту. Мамед Сейфулов хет-триктин автору болду.

Биринчи турда Кыргызстан улуттук курама командасы Сингапурду 14:2 эсебинде тизе бүктүргөн.

Бүгүн 3-турдун алкагында кыргызстандыктар буга чейин 2 оюнда жалпы 4:24 эсебинде утулган Малайзия курамасы менен кезигет.