Жаңылыктар
КР ИИМдин “Унаа” ММдин башкармалыгы менен автомектептердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу
Кыргызстан жаңылыктары
КР ИИМдин “Унаа” ММдин башкармалыгы менен автомектептердин  өкүлдөрүнүн жолугушуусу

2023-жылдын 1-мартында «Унаа» мамлекеттик мекемеси айдоочулардын теориялык тесттеринин суроолорун тиешелүү категорияларга бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү.Отурумда автомектептердин жана ЖКККББ өкүлдөрү катышты. Мекеме теориялык экзамендердин суроолорун категорияларга бөлүү жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселесин демилгелеген.

Мындай аракеттер коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу жана жарандардын айдоочулук күбөлүктөрдү алуусун жеңилдетүү максатында жүргүзүлүүдө. Отурумда, айдоочулук күбөлүгүн алууда тапшырылуучу теориялык экзаменациондук суроолор талкуланды.

Урматтуу жарандар, айдоочулук күбөлүк алуу укугуна квалификациялык экзамендерди тапшырууда коррупциялык тобокелчиликтер байкалган учурда 0312 63-14-40, 0312 63-01-86 ишеним телефондоруна же укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөбүз.