Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолукту

Азербайжан Республикасында иш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Орхан Маммадов менен жолукту. 

Тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле 2022-жылы жетишилген эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Мында тараптар Азербайжандын алдыңкы компаниялары менен пландаштырылган жолугушууну канааттануу менен белгилешти. Жыйынтыгында ар кандай форматтагы иштиктүү жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди.