Түштүк Корея Республикасында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.
Иш-чаранын алкагында концерттик программага уюштурулуп, "Курманжан датка" кинотасмасы кѳрсѳтүлөт.
Ошондой эле, Кореянын улуттук борбордук музейинде улуттук кийимдер көрсөтүлүп, Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмө өткөрүлөт. 8-11-ноябрларда өтүүчү иш чараларга кирүү акысыз, бирок алдын ала катталуу керек.