Жаңылыктар
Сузактын дыйкандары картошка эгип баштады
Айыл чарба
Сузактын дыйкандары картошка эгип баштады

Жалал-Абадда жазгы талаачылык иштери жанданды. Сузактын дыйкандары картошка отургуза баштады. Жаз эрте келгендиктен Ырыс айыл өкмөтүндө талаачылык эрте башталат.

Жалал-Абад облусунда бул жылы 7 миң 647 гектар аянтка картошка өстүрүү пландалууда. Басымдуу бөлүгү Токтогул менен Ала-Бука райондорунда. Ушул күндөрү дыйканчылык иштери жаз эрте келген Сузак районунун төмөнкү аймагында кызуу башталды.