Жаңылыктар
Кыргызстан Дүйнө чемпионатында кезектеги жеңишин камсыздады
Спорт
Кыргызстан Дүйнө чемпионатында кезектеги жеңишин камсыздады

Кыргызстан курамасы Босния жана Герцеговинада өткөн дүйнө чемпионатында 3-жеңишине жетти.

Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир Сараево шаарында өтүп жатат.

2-мартта 3-тур жыйынтыкталды. Кыргызстан улуттук курама командасы Малайзияны 22:0 эсебинде утту.

Бул турнирде кыргызстандыктар женилип көрө элек.

3-тур

Кыргызстан - Малайзия - 22:0

Голдор: Сейфулов (7), Кудашев (3), Качкынбеков (2), Абдыраев (2), Носов, Фитисенко, Чувалов, Шамырканов, Титов, Мирбеков, Бекмуратов, Исманов