Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-февраль айларында 35 млрд 951,9 млн сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 455,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп жыйналган.
Анын ичинде 26 млрд 526,6 млн сом салык жана төлөмдөр, 9 млрд 425,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.